Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Нарындагы мамлекеттик ЖМКларды отптималдаштырууга сереп

Нарындагы мамлекеттик ЖМКларды отптималдаштырууга сереп

26-февраль күнү Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана жалпы коммуникация департаментинин директору Салкын Сарногоева Нарын облустук медиа борборуна келип, жаңы башкы директорду Каныкей Жунусованы жамаатка тааныштырды.

Өткөн жылдын соңку чейрегинде жер-жерлердеги мамлекеттик маалымдоо каражаттарды оптималдаштыруу башталган. Нарын дубанында мамлекет каржылаган бир телерадио компания, бир облустук жана төрт райондук гезит бар эле. Учурда баары облустук медиа борборго баш ийдирилди. Мындан телерадио компанияда штаттык бирдиктер негизинен сакталып калса, облустук “Теңир Тоо” гезитинде бир аз кыскартуулар орун алды. Ал эми райондук гезиттердеги 8 штаттык бирдиктин алтоо жоюлуп, ар бир райондон экиден кабарчы калтырылды. Кошумча атайын сайттар үчүн штаттар жаңы ачылды.

Ар бир райондогу эки кабарчы заман талабына ылайык иштешет. Алар телеге дагы, гезитке дагы, сайтка дагы кабар жазышат. Мурункудай гезиттин же теленин кабарчысы деген болбойт, – деген Маалымат жана жалпы коммуникация департаментинин директору С.Сарногоева өткөн жылы реформа башталып жаткан маалда.

Арадан үч ай убакыт өттү. Бирок райондогу өз кабарчылардын дээрлик бардыгы бул мезгилдерде теле көрсөтүүгө эмес, болгону “Теңир Тоо” гезитине гана макала жана кабар берүү менен чектелишүүдө. Гезиттин жасалгасы жаңыртылгандыгы менен ички мазмуну эски доордогудай кала берүүдө.

“Теңир Тоо” гезитинин ар бир санынын төрт бетин төрт райондун: “Эмгек Туусу” (Кочкор), “Айыл турмушу” (Ак-Талаа), “Ат-Башы жаңылыктары” (Ат-Башы) жана “Демилге” (Жумгал) деген аталыштагы гезит ичиндеги гезиттер ээлеп жатат. Ушундан улам гезиттин быйылкы жылдын алгачкы сегиз саны 8 гана беттен жарыкка чыккандыктан улам облустук алкактагы маалыматтар дээрлик чагылдырылбай калган. 13-февралдан тарта гана гезит 16 бет менен чыга баштады. Айтмакчы гезиттин нускасы 2600 сандан 3640 санга көбөйүптүр.

Мазмунуна үңүлсөк бир катар кемчиликтерге орун берилип келет. Айрым мисалдардан:

“Демилге”: “Байзак айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Кууганды аймагындагы К.Жапаров көчөсүнүн 3,5 чакырым жолу оңдоодон өткөрүлдү”. Негизи, өлкө боюнча бардыгы айыл аймакка караштуу болсо Жумгалда айыл өкмөткө аймак карап калыптыр.

“Айыл турмушу”: “…Нарын эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) ичиндеги Ат-Башы эркин экономикалык аймагына 49 жылдык мөөнөт менен ижара шартында берилген”. Нарын облусу бир гана Нарын ЭЭА болуп саналат. Башка эч кандай ЭЭАлар жок.

“Ат-Башы жаңылыктары”: Аргын тил, келегей сүйлөмдөр колдонулат – тоңдурулган перец пайдалуу”, “… ага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун биринчи басары Тентимишов Жумагул ж.б. катышышты.

“Эмгек Туусу” гезитинин бетинде бир эле макалада: Ооган элинин эркиндигин коргоп район аймагынан төрт жоокер курман болушса…”, – деп жазылат да, аяк жагында …өз кезегинде душман менен тикелей беттешип, кан кечип өздөрүнө өлбөс-өчпөс даңк алып келишкен жокерлерибиздин эрдиктери эскерилди, – деп жазылат. Суроо жаралат, Ооган элин коргошсо, анда душманы советтик жоокерлерби?

Жогорудагы мисалдар гезиттин 30-январдагы жана 13 февралдагы сандарынан алынган.

Күмөндөр Усуптегин,
“Журналисттер” КБнын Нарын областы боюнча өкүлү

Окшош посттор